10-берене. Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
Күчүндө · 20.07.2023 редакциясы · 2-глава
Жабыр тарткан адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
2) биринчи деңгээлдеги дарылоочу-профилактикалык уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
3) медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
4) санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
5) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;
6) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу);
7) жайыттар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чабуу үчүн участокторду жана малды жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте алуу;
8) турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;
9) улгайгандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алууга укугу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейлөөгө укугу.
Берененин тексти 20.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112623/st-10" title="10-берене - 2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>