3-берене. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Муниципалдык жолдорду, ошондой эле ведомстволук жана жеке менчик жолдорду ошол жолдордун менчик ээлеринин кызыкчылыктарында гана пайдалануу менен байланышкан иш, эгерде бул ушул Мыйзамга каршы келбесе, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз компетенцияларынын чегинде алардын карамагында турган автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери ушул Мыйзамдын талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун жана жол ишин жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салуучу жоболорду бузууга тийиш эмес.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды…Постановление · 22.03.2023 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112594/st-3" title="3-берене - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>