Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 „Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 ноября 2025 года № 733 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере регистрации прав и предоставления данных о недвижимости"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-10.
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-марты № 146 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жол жана жол боюндагы сервис объекттерин тартипке келтирүү максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"112. Автомобиль жолдору ээлеген жер участогуна укукту каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануунун, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоонун жана номерлөөнүн тартибин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин;
- транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жер участогунун чек араларын ырастаган, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго кирген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмегинин.";
- 81, 85, 125, 144, 145, 156-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелериПравила · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарды…Постановление · 10.11.2025 · № 733
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө "…Постановление · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон