1-берене
Күчүндө · 13.05.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-берененин экинчи бөлүгүндө "6 айдан" деген сөздөр "3 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча өз ишин мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын алгачкы текшерүү органдарына жана тергөөчүлөргө карата даттануулары, кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.".
Берененин тексти 13.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112580/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>