5-берене. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү эсептеп чыгуу жана токтотуп туруу
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзамда белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген мөөнөттөрдү эсептеп чыгуу эрежелерине ылайык эсептелет.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турат, эгерде:
1) юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоого өзгөчө кырдаал (авариялар, катастрофалар, табигый же башка кырсыктар, эпидемиялар) тоскоолдук кылса;
2) ушул Мыйзамда мындай документтерди бербөөнүн башка кесепеттери белгиленген учурларды кошпогондо, өтүнмө ээсинен керектүү документтерди, буга кошуп кабарламаларга жана суроо-талаптарга жоопторду, алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди алганга чейин юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болсо.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка кабарлайт.
Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына тиешелүү маалымат жайгаштыруу да кабарлама болуп эсептелет.
4. Мөөнөттү токтотуп туруу тиешелүү кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
5. Мөөнөттү токтотуп турууга негиз болгон жагдайлар токтотулган күндөн тартып мөөнөттүн өтүшү улантыла берет. Ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык мөөнөттү улантуу жөнүндө кабарлама өтүнмө ээсине, укук ээсине же башка кызыкдар жакка жөнөтүлөт.
6. Ушул Мыйзамда каралган учурларда өтүнмө ээси, укук ээси же башка кызыкдар жактар юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоосу үчүн мөөнөттөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
Мөөнөт калыбына келтирилген учурда юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-5" title="5-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>