54-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 12-глава
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган датадан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Коргоо документтеринин электрондук формалары жөнүндө жана өтүнмөлөрдүн курамына үч өлчөмдүү сүрөттөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн жана алардын кароосунда турган өтүнмөлөр "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамынын ченемдерине ылайык каралат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан талаш-тартыштар, ошондой эле "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөн товардык белгилерди жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого байланышкан талаш-тартыштар аталган
ылайык чечилет.
5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген товардык белгилерге күбөлүктөр жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктөр "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамында белгиленген мөөнөтү өткөнгө чейин колдонулат.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 212-ст.);
3) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 89-ст.);
4) "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 288-ст.);
5) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31).
7. Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 9-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 "Жекелештирүү каражаттарын каттоо маселелери боюнча актыларды бекитүү жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.01.2024 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун…Постановление · 15.11.2023 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу…Постановление · 27.02.2024 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.11.2023 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (5)
- Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик…Закон · 23.03.2020 · № 29
- Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу…Закон · 26.05.2018 · № 55
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.02.2003 · № 46
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.02.2014 · № 28 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-54" title="54-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>