Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 600
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин экинчи абзацына, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, 54-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600…Правила · 15.11.2023 · № 600
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук…Постановление · 04.10.2019 · № 519 · Күчүн жоготкон
- Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо докумен- тин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жө- нүндө лицензиялык келишимди, өнөр…Правила · 04.10.2019 · № 519 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 24.03.2023 · № 70
- Патент мыйзамыЗакон · 23.03.2023 · № 69
- Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.03.2023 · № 68
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 "Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук…Постановление · 04.10.2019 · № 519 · Күчүн жоготкон