49-берене. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоону жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун колдонууну токтотуу
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 11-глава
1. Географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттар жоголгондо жана ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү мүмкүн эмес болгондо;
2) товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда.
2. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товардын мүнөздөмөлөрүнө укук ээси тарабынан өндүрүлгөн товар шайкеш келбегенде;
2) укук ээси ушул географиялык көрсөтмөгө карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыраганда;
3) ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган талаптар сакталбаганда;
4) Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн товарды өндүрүү ыкмасын, аны сактоо жана ташуу шарттарын укук ээси системалуу түрдө бузганда;
5) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөнү укуктук коргоо токтотулганда;
6) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;
7) пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтү өткөндө;
8) укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү арыз бергенде;
9) чет өлкөлүк юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмөгө укугун жоготкондо.
3. Географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү укуктук коргоону жана колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-49" title="49-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>