4-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иш жүргүзүү, алымдар жана өкүлчүлүк
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган өтүнмө ээси, укук ээси, башка кызыкдар жак товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоого (мындан ары - каттоо), укуктук коргоого же пайдаланууга жана башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерге байланышкан иштерди жүргүзө алат:
1) жеке өзү;
2) өкүл аркылуу;
3) Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу.
2. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар, же болбосо чет мамлекеттерде катталган алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталыштарын каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланышкан иштерди жүргүзүшөт.
3. Товардык белгини каттоого, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө, укуктук коргоону токтотууга, талаш-тартыштарды кароого байланышкан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алымдар алынат.
Алымдын өлчөмү, төлөө мөөнөттөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана/же өкүлдүн ыйгарым укуктары нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ишеним кат менен ырасталат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-4" title="4-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>