3-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына укуктук коргоо берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого өтүнмөлөрдү, ошондой эле географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, аларга экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына тиешелүү башка функцияларды аткарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналган Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) түзүлөт. Апелляциялык кеңештин каршы пикирлерди кароо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрели № 228 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык…Постановление · 07.04.2026 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелери…Правила · 07.04.2026 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Правила · 20.02.2019 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.11.2023 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-3" title="3-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>