Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) өтүнмө - товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын тиркелген материалдары менен пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө;
2) өзгөчө укук - өз ыктыяры боюнча мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун ыкма менен товардык белгини жана тейлөө белгисин пайдаланууга товардык белгинин укук ээсинин мүлктүк укуктары;
3) Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясы - Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 10-декабрындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца Макулдашуусуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган, 1957-жылдын 15-июнундагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна ылайык товардык белгилерди каттоо үчүн пайдаланылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн классификациясы;
4) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу - 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен таанылган, 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө макулдашуу;
5) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы - 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен таанылган, 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча конвенция;
6) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколу - 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколу, буга Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 30-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Мадрид макулдашуусуна карата протоколго кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган;
7) патенттик ишенимдүү өкүл - Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестринде патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аттестациядан өткөн, катталган жеке жак;
8) укук ээси - товардык белгиге, тейлөө белгисине болгон өзгөчө укукка же географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак;
9) өкүл - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өтүнмө ээсинин, укук ээсинин же башка кызыкдар жактын кызыкчылыктарын жана укуктарын жактоо ыйгарым укугу берилген жеке жак;
10) юридикалык маанилүү иш-аракеттер - товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө, экспертиза жүргүзүүгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн узартууга, каршы пикир берүүгө, өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүүгө, каттоого, жарыялоого, күбөлүк берүүгө, дубликат берүүгө, каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартууга, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүүгө, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө, өтүп кеткен колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө өтүнмө берүү боюнча иш-аракеттер, аларды жасаган жакты ушул Мыйзамга ылайык кесепеттерге алып келүүчү аракеттер.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик…Закон · 23.03.2020 · № 29
- Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу…Закон · 26.05.2018 · № 55
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.02.2003 · № 46
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-2" title="2-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>