25-берене. Жамааттык белгиге экспертиза жүргүзүү жана каттоо
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 4-глава
1. Жамааттык белгиге экспертиза жана каттоо жамааттык белгилер болуп саналбаган товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү жана каттоо жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
2. Жамааттык белгини каттоого берилген өтүнмөгө бул белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактардын аталышы, тизмеги жөнүндө маалыматтарды, аны каттоонун максатын, жамааттык белги менен белгиленүүчү товарлардын тизмегин, аны пайдалануунун шарттарын, аны пайдаланууну контролдоо тартибин камтыган жамааттык белгинин уставы тиркелет.
3. Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө жамааттык белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, уставга жана анын датасына шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенине жарыяланат. Жамааттык белгинин укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.
4. Уставда билдирилген жоболорду бузуу менен товарларга жамааттык белги пайдаланылган учурда, каттоонун күчү кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №155 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.02.2012 · № 155 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-25" title="25-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>