24-берене. Жамааттык белги
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 4-глава
1. Жамааттык белги - ассоциациянын же союздун (бирикменин) ушундай бирикмелердин курамына кирген юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү жана/же сатылуучу товарларын белгилөө үчүн арналган товардык белгиси.
Жамааттык белги менен белгиленген товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр алардын сапатынын бирдиктүү мүнөздөмөлөрүнө же башка жалпы мүнөздөмөлөрүнө ээ болууга тийиш. Жамааттык белгини бирикмеге кирген ар бир жак пайдалана алат.
2. Жамааттык белгини каттаган бирикмеге кирген жак жамааттык белги менен катар өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-24" title="24-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>