23-берене. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо укук ээсинин арызы боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин жана анын алымды төлөөсүнүн негизинде берилет же токтотулат.
2. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар расмий бюллетенге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белги киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде жарыяланат.
4. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы N 520 токтому менен бекитилди)Положение · 24.08.2000 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-23" title="23-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>