1-берене. Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө мыйзамдар
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын мамлекеттик каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелер жөнгө салынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер ошондой эле бажы, кылмыш-жаза мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары кабыл алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы №…Правила · 23.01.2024 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 520 "Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү…Постановление · 05.10.2023 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери маселелери…Постановление · 17.01.2024 · № 12
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-1" title="1-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>