19-берене. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товардык белгини каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эсептегенде он жыл бою күчүндө болот.
2. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү, алым төлөнгөн шартта, аны колдонгон акыркы жылдын ичинде берилген укук ээсинин арызы боюнча ар бир жолу он жылга узартылат. Укук ээсинин өтүнүч каты боюнча товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, кошумча алым төлөнгөн шартта, каттоонун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилет.
3. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине, товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет жана расмий бюллетенде жарыяланат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-19" title="19-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>