20-берене. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товардык белгинин укук ээсинин арызы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгиге берилген күбөлүккө товардык белгини каттоо жөнүндө, анын ичинде товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин кыскартуу менен байланышкан укук ээси, анын аталышы, аты, турган жери же жашаган жери жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
2. Товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин толуктоо зарыл болгон учурда жаңы өтунмөнү тариздөө талап кылынат.
3. Тиешелүү алымдар төлөнгөн шартта, өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.
4. Өтүнмө ээсинен башкалардын күнөөсү боюнча кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө алым төлөбөстөн киргизилет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-20" title="20-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>