18-берене. Каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жана товардык белгиге күбөлүктү берүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Товардык белгилердин реестрине киргизилген маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан товардык белги катталган датадан тартып же товардык белгини каттоо жөнүндө өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланат.
2. Товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге товардык белги жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-18" title="18-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>