17-берене. Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгини каттоо жөнүндө чечимдин негизинде жана өтүнмө ээси тарабынан каттоо, жарыялоо жана күбөлүктү берүү үчүн алым төлөнгөн шартта товардык белгини Товардык белгилердин реестрине каттоону жүргүзөт.
Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоого тиешелүү маалыматтар, ошондой эле бул маалыматтардагы кийинки өзгөртүүлөр киргизилет.
2. Товардык белгилердин реестрине маалымат киргизүү тартиби жана киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Алым товардык белгини каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде төлөнөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберген учурда, кошумча алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсине Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо үчүн алымды төлөөгө кошумча үч ай берилет.
4. Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбегенде, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө артка чакырып алынды деп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-17" title="17-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>