16-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын каттоодон баш тартуу тууралуу чечими менен өтүнмө ээси макул болбогон учурда, чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан анын келип түшкөн датасынан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
2. Апелляциялык кеңештин чечими аны алган датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
Өтүнмө боюнча чечимди өтүнмө ээси алгандан кийин бир айдын ичинде өтүнмө ээси бул материалдардын көчүрмөлөрүн сурап алса болот.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөт ал бүткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта, Апелляциялык кеңеш тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелери…Правила · 07.04.2026 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Правила · 20.02.2019 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.11.2023 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-16" title="16-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>