5642-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби жана мөөнөтү
Күчүндө · 11.08.2023 редакциясы
1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомду аткаруу адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлүгүн алып коюу жана андан ажыратуу мезгилине сактоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу тиешелүү күбөлүктү берүүдөн баш тартса, алып коюу ички иштер органдары тарабынан мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
3. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аталган укуктан ажыратуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктөрдү сактоо жана кайтарып берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
28) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 5711-берене менен толукталсын:
"5711-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу
1. Ушул Кодекстин 381-беренесинде белгиленген учурларда жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үч жумуш күндүн ичинде адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген тиешелүү органга материалдарды жөнөтөт, бул тууралуу маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.
3. Адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5642-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112511/st-5642" title="5642-берене - Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>