2-берене
Күчүндө · 11.08.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж. № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-26-пункттар менен толукталсын: "24) транспорттук каражаттарды жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын жана билим берүү уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашырууга;
25) квалификациялык сынактарды кабыл алууга жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүүгө;
26) автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну кошпогондо, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырууга, транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутууга (кайра окутууга) жана өз компетенциясынын алкагында лицензиялык контролду жүзөгө ашырууга.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112511/st-2" title="2-берене - Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>