1-берене
Күчүндө · 11.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу;";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу
1. Жеке жакка берилген транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда бул укукту пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн колдонулат.
2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу сот тарабынан дайындалат.
3. Алкоголдук, баңги заттык мас абалында унаа айдоо, ошондой эле өздөрү катышуучусу болуп саналган жол-транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүү учурларын кошпогондо, транспорт каражаттарын майыптыгына байланыштуу колдонгон адамдарга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу колдонулбайт.";
3) 34 беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери жасалган укук бузуунун жагдайларына жараша колдонулат жана эгерде алар ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн (берененин бөлүгүнүн) беренесинин санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.";
в) мамлекеттик тилдеги тексттин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мүлктү алып коюу, адистештирилген унаа токтотуучу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же башка шаймандардын түрлөрүн колдонуу, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттери, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон куракка жеткенге чейин жеке жак жосун жасаган учурларда да колдонулат.";
4) 38-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункттагы "(транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосун убактылуу токтотуу)" деген сөздөр "(транспорт каражаттарын башкаруу жана транспорт каражатын мамлекеттик каттоо укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункт "(жалган) болсо" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле, идентификациялоого тоскоол болуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү ордунда жок кылуу учурларын кошпогондо, эгерде мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) бул белгилерди (белгини) идентификациялоого тоскоол болуучу же аны кыйындатуучу материалдарды же болбосо түзүлүштөрдү колдонуу менен жабдылган болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 8-пункттагы "100" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 381-берене менен толукталсын:
"381-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү
1. Укук бузууларды автоматтык режимде иштөөчү фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары менен жазып алуу учурларын кошпогондо, ушул Кодекстин 182-берененин 4-бөлүгүндө, 185-беренеде, 187-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 188-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 192-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 193-берененин 3-бөлүгүндө каралган укук бузууларды бир календардык жылдын ичинде үч жана андан көп жолу жасаган транспорт каражаттарынын айдоочулары, жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, автоматтык режимде иштөөчү, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарын же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттарын колдонуу менен жазылып белгиленген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган адамдарды аныктаган учурда жана бул укук бузуулар дал ошол транспорт каражатын башкарган адам тарабынан жасалганы аныкталганда (далилдегенде), ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 5711-беренесине ылайык, бул адамды жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүлөт.
Адам укук бузуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча укуктук кесепеттин бул түрүн аткаруудан баш тарткан учурда, транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган ошол адам жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырганга чейин мындай укукту убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат. Эскертүү. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу, транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
6) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун кошпогондо, адамга берилген атайын укуктан (аңчылык кылуу укугунан, лицензиядан ж.б.) ажыратуу бул укукту колдонуунун тартибин бир жылдын ичинде эки жана андан көп жолу бузгандыгы үчүн колдонулат.";
б) 2-бөлүктөгү "193," деген цифралар алып салынсын;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Коомдук иштердин, камакка алуунун жана транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуунун мөөнөттөрүн эсептөө Коомдук иштердин мөөнөтү - саат, камакка алуу - сутка, транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу - ай, жыл менен эсептелет.";
8) 55-берененин 3-бөлүгүндөгү "48" деген цифралар "72" деген цифраларга алмаштырылсын.
9) 182-беренеде:
а) 4-бөлүктүн биринчи абзацындагы "(идентификациялоого тоскоол болгон түзүлүштөрдү жана материалдарды жеринде жоюу учурларынан тышкары)," деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
10) 184-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "транспорт каражатын каттоочу документи" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "көрсөткүч" деген сөздөн кийин ", юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "55" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
11) 187-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "55" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "75" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын;
12) 188-беренеде:
а) 2-бөлүктөгү "Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу;" жана ", ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктөгү "Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же манёвр жасоо эрежелерин бузуу" деген сөздөр "Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу, - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
13) 189-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"189-берене. Автоээнбаштык
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
14) 192-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
15) 193-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет. 1-1. Алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу, - үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Транспорт каражатын башкаруучу айдоочунун белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу, -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосун кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалса, -
беш суткага камакка алууга алып келет.
3. Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын башкаруусуна берүүсү, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же болбосо анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет. 4-1. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосунунун белгилери жок болсо, адамга материалдык зыян же анын ден соолугуна этиятсыздыктан залал алып келген, ушул берененин 1-1-бөлүгүндө каралган жосун, - жети суткага камакка алууга алып келет.
5. Ушул берененин 1 же 4-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза мөөнөтү өткөндөн кийин кайталанып жасалса, -
укук бузуунун каражаты болуп саналган транспорт каражатын убактылуу алып коюу менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.
6. Ушул берененин 1-1, 2-1 жана 4-1-бөлүктөрүндө каралган жосундар ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу колдонулбаган адамдар тарабынан жасалса, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Белгиленген тартипке ылайык мас абалды күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан транспорт каражатын башкаруучу адамдын мас абалы аныкталган учурда, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча да жоопкерчилик тартат.";
16) 194-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"түшүрүлгөн атайын түстүү графикалык схемаларды, жазууларды, сүрөттөрдү, атайын үн чыгаруу жана жарык берүү үчүн орнотулган атайын жабдууларды жок кылуу менен жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
17) 449-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"449-берене. Транспорт каражатында жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу
1. Жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
транспорт каражаттарын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.";
18) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) укук бузуулар жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 126-129, 131-беренелери, 189-беренесинин 2-бөлүгү, 192-беренесинин 4-бөлүгү, 193-беренесинин 1- 21, 4-5-бөлүктөрү, 271-беренеси, 431-беренесинин 2-бөлүгү, 449-беренесинин 2-бөлүгү боюнча;";
19) 456-беренедеги "93-95, 97-99, 101, 102, 108, 109-беренелери, 112-беренесинин 2-бөлүгү, 125, 130, 132-135, 137-142-беренелери, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 160, 165, 177-180, 182-192-беренелери, 193-беренесинин 3-бөлүгү, 194-201, 228, 2281, 272, 273, 310, 325, 430-беренелери, 431-беренесинин 1-бөлүгү, 432, 445, 447-450-беренелери" деген сөздөр "93-95, 97-99, 101, 102, 108, 109-беренелери, 112-беренесинин 2-бөлүгү, 125, 130, 132-135, 137-142-беренелери, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, 160, 165, 177-180, 182-188-беренелери, 189-беренесинин 1-бөлүгү, 190-191-беренелери, 192-беренесинин 1-3-бөлүктөрү, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрү, 194-201, 228, 2281, 272, 273, 310, 325, 430-беренелери, 431-беренесинин 1-бөлүгү, 432, 445, 447, 448-беренелери, 449-берененин 1-бөлүгү, 450-беренеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 506-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "электрондук санариптик колтамгасын (ЭСК)" деген сөздөр "электрондук колтамгасын (ЭК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 513-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилерин милдеттүү түрдө орнотуу менен жол берилет.";
22) 520-берененин 2-бөлүгүндөгү "санариптик" деген сөз алып салынсын;
23) 534-берененин 1-бөлүгүндөгү "131, 193, 271, 401, 410, 411, 421-426-беренелеринде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 433, 435-439-беренелеринде" деген сөздөр "131, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193, 271, 401, 410, 411, 421-426-беренелеринде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 433, 435-439-беренелеринде, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 535-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өндүрүштүн катышуучуларынан автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылып белгиленген укук бузуулар жөнүндө токтомдор боюнча өтүнүчтөр келип түшкөндө, жаза берүү жөнүндө токтомдун аткарылышы бул өтүнүчтөр ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралганга чейин токтотула турат.";
25) 546-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "533-беренесинде белгиленген" деген сөздөр "56-главасында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 563-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул Кодекстин 177-181-беренелерин, 182-беренесинин 4-бөлүгүн, 184-беренесинин 3-бөлүгүн, 185-беренесин, 187-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрүн, 194-беренесинин 3-бөлүгүн, 195-200-беренелерин жана 449-беренесинин 1-бөлүгүн кошпогондо, 21-главасында каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.";
27) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 5641 жана 5642-беренелер менен толукталсын:
"5641-берене. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтомдун аткарылышы Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө соттун токтому ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112511/st-1" title="1-берене - Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>