1-берене
Күчүндө · 07.12.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 15-сентябры, № 68) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды (мындан ары - ссуда) алган адамдарга ссуданы кайтарып берүүдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьяда "Ссуда алуучу ссуданы кайтарып бергенде ссуданын" деген сөздөр "Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
5) 4-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) тиркемеде:
а) аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуданын" деген сөздөр "узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзацта "ссуда алуучу" жана "ссудалык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым алуучу" жана "зайымдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) бешинчи абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) алтынчы абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 07.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112482/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>