Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 7-декабры № 116
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 15-сентябры, № 68) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды (мындан ары - ссуда) алган адамдарга ссуданы кайтарып берүүдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьяда "Ссуда алуучу ссуданы кайтарып бергенде ссуданын" деген сөздөр "Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
5) 4-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) тиркемеде:
а) аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуданын" деген сөздөр "узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзацта "ссуда алуучу" жана "ссудалык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым алуучу" жана "зайымдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) бешинчи абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) алтынчы абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 13 декабря 2022 года № 109 (3444) жарыяланды Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү жөнүндө келишимдер боюнча мамилелерге да жайылтылат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 2-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып…Закон · 16.08.2006 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 365-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 23-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 23.06.2022 · № 365-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 481-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 21.09.2022 · № 481-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 586-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2022 · № 618