Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 22-июлу № 132 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 53-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 27-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
Шилтеме берет (1)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93