39-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын колдонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Кызматкерлер кара күч менен таасир этүү чараларын (анын ичинде күрөшүүнүн күжүрмөн ыкмаларын, колунда болгон каражаттарды) төмөнкү учурларда колдонот:
1) кылмыштарга жана башка укук бузууларга бөгөт коюу үчүн;
2) кылмыш жасаган жана башка укук бузган адамдарды, ошондой эле кылмыш жасады жана башка укук бузду деп шектелген адамдарды кармоо жана аларды улуттук коопсуздук органдарынын, башка мамлекеттик органдардын кызматтык жайларына жеткирүү үчүн;
3) өзүн коргоо үчүн;
4) кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүү иш-аракетин басуу үчүн.
2. Кызматкерлер ушул Мыйзамда атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда кара күч менен таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>