40-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
1. Кызматкерлер атайын каражаттарды төмөнкү учурларда колдонот:
1) жарандарга, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана башка адамдарына, объекттерине, атайын жүктөрүнө жана транспорт каражаттарына кол салуу же кол салуу коркунучунун мизин майтаруу үчүн;
2) кылмышка жана башка укук бузууга бөгөт коюу үчүн;
3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) жапырт тартипсиздикти жана коомдук тартипти топтук бузууну четтетүү, мыйзамга каршы иш-аракет жасаган жарандардын тобунун кыймылына бөгөт коюу үчүн;
5) улуттук коопсуздук органдарынын объекттерине, жарандардын турак жайларына, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына, жайларына, курулмаларына жана башка объекттерине, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын аскердик же кызматтык нарядына кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
6) кылмыш, укук бузуу жасоо учурунда кармалган жана кылмыш, укук бузуу жасалган жерден жашырынууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;
7) куралдуу каршылык көрсөтө ала турган же кызматкердин өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдетин аткаруусуна тоскоолдук жарата турган адамды кармоо үчүн;
8) кылмыш жасап кармалган адамдарды, камакка алынган адамдарды жеткирүү, кайтарып коштоо жана кайтаруу үчүн;
9) соттолгон, кылмыш жасоого шектелген, айыпталган адамдардын качып кетүүсүнө же кылмыш жасоого шектенүү боюнча кармалган адамдардын, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган адамдардын кайтарып коштоодон качып кетүүсүнө бөгөт коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды күч менен бошотуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
10) адам кызматкердин өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруусуна каршылык кылганда, тоскоолдук көрсөткөндө, жанындагыларга же өзүнө зыян келтиргенде;
11) зордоп кармалып турган адамдарды, ошондой эле басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;
12) бекитүүчү түзүлмөлөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу, турак жана башка жайларга, транспорт каражатына, жер тилкелерине мыйзамдуу кирүүгө тоскоолдук жараткан табигый жана инженердик тосмолордон өтүү үчүн;
13) кызматкерлерди жеке коргоо үчүн;
14) эгерде транспорт каражатын башкарган адам токтотуу жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартса, транспорт каражатын токтотуу үчүн;
15) жардыруучу түзүлмөлөрдү, жарылуу коркунучу бар объекттерди (буюмдарды) жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү жана буюмдарды, ошондой эле мындай түзүлмөлөрдүн жана буюмдардын муляждарын издөө, табуу, алдын ала изилдөө, зыянсыздандыруу, коопсуз сактоо жана ташуу, жок кылуу үчүн;
16) улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам издөө, ыкчам-күжүрмөн ишинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу (ар тараптуу техникалык камсыз кылуу) үчүн.
2. Эгерде башка ыкма жана каражат менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин майтарууга мүмкүн болбосо, кызматкердин же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан кол салуу, топтошуп кол салуу же болбосо куралдуу каршылык көрсөтүү учурларын кошпогондо, кызматкерге кош бойлуулугу ачык көрүнүп турган аялдарга, майыптыгы ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын болгон же белгилүү болгон жашы жете электерге атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
3. Кызматкер түзүлгөн кырдаалды, укук бузуунун мүнөзүн жана укук бузуучунун өздүгүн эске алып, атайын каражаттын түрүн жана аны колдонуунун ургалдуулугун аныктайт.
4. Кызматкер ушул Мыйзамда куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонууга уруксат берилген бардык учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
5. Кызматкерлердин атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн;
2) кылмышка жана башка укук бузууга бөгөт коюу үчүн;
3) алынып салынды: кайтаруу улуттук коопсуздук органдарына тапшырылган адамдарды, имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, жер тилкелерин коргоо, ошого тете аталган адамдарга жана объекттерге кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) жапырт тартипсиздикти жана коомдук тартипти топтук бузууну … эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз…Постановление · 02.08.2012 · № 537
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын улуттук…Постановление · 07.12.2022 · № 666
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>