38-берене. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун укук ченемдүүлүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Эгерде кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипти жана шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылган болсо, алардын натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн кызматкер жоопкерчилик тартпайт.
Терроризмге каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик ишине бөгөт коюу боюнча атайын иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууда терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлер терроризмге каршы операцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүдө келтирилген зыян үчүн же террористти жок кылуу жөнүндө чечимди кабыл алганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Мында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.
2. Кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-38" title="38-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>