19-берене. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышуу - улуттук коопсуздук органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу иши:
1) киберкоркунучка каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда, анын ичинде инженердик-техникалык жана криптографиялык каражаттарды колдонуу менен;
2) киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө;
3) маалыматтык инфратүзүм объекттеринин коопсуздугун криптографиялык жана инженердик-техникалык методдор менен камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан анын мекемелеринде мамлекеттик сырды түзгөн берилүүчү маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуучу шифрленген, жашыруун, өкмөттүк байланыш тутумдарын уюштурууда жана эксплуатациялоодо.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана…Положение · 28.08.2001 · № 496 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2001 года №496 "Об утверждении Положения о порядке выплаты единовременных пособий и компенсаций в случае увечья, инвалидности или…Постановление · 28.08.2001 · № 496 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>