18-берене. Кылмыштуулук менен күрөшүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Улуттук коопсуздук органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан коррупцияны, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жана аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү мыйзам менен карамагына киргизилген башка кылмыштарды табууну, алдын алууну, бөгөт коюуну жана бетин ачууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүнү максат кылган мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн, кылмыштуу топтордун, айрым адамдардын жана коомдук бирикмелердин ишин табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат.
2. Улуттук коопсуздук органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>