1-берене
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-статьяда:
а) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими (библиографиялык маалымдамалар, телефон жана дарек китептери, жеке кулактандыруулар ж.б.) белгилениши мүмкүн. Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин-суутпай иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.
6. Жеке маалыматтардын субъекти каза болгонун мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "каза болгон" деген статус берилет. Каза болгон субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.";
в) 7-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112388/st-1" title="1-берене - Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>