3-берене
Күчүндө · 30.06.2022 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 46 жана 47-пункттар менен толукталсын:
"46) оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, сервердин жайгашкан жерине карабастан букмекердик контораларда, тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш;
47) ставкаларды кабыл алуу пункту (касса) - букмекердик конторанын же тотализатордун кызматкеринин электрондук-эсептөө техникасы жана керектүү байланыш каражаттары менен жабдылган жана ставкаларды кабыл алууга жана утуштарды берүүгө арналган, өзүнчө бөлүнгөн өзгөчө жумуш орду.";
2) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) оюн-зоок ишине салык.";
3) 184-берененин 1-пункту "оюндарга" деген сөздөн кийин ", анын ичинде кумар оюндарына" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 191-берененин 3-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөр "кумар оюндарына, кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" - деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-глава менен толукталсын:
"62-глава. Оюн-зоок ишине салык
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112384/st-3" title="3-берене - Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>