450-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 30.06.2022 редакциясы
1. Ушул главада каралган салык режими Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу (мындан ары - салык төлөөчү) субъекттердин ишине карата гана колдонулат.
2. Оюн-зоок ишине салык ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон оюн-зоок ишинин төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салыктын;
2) салык салынуучу берүүлөргө КНСтин;
3) сатуудан алынуучу салыктын.
3. Оюн-зоок ишине салык төлөгөн салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөйт.
4. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.
5. Иштин башка түрлөрүн жүргүзүп жаткан салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө, ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин бул түрлөрү боюнча отчеттуулукту берүүгө жана салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында оюн-зоок ишин жүзөгө -ашырууга байланыштуу жумшалган чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жыйынды жылдык кирешеден кемитилбейт.
6. Салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 30.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
450-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112384/st-450" title="450-берене - Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>