1-берене
Күчүндө · 20.06.2022 редакциясы
"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 519-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "шаардык" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын; "тиешелүү шаардын" деген сөздөр "тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.".
Берененин тексти 20.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Сырткы видеобайкоо жөнүндөЗакон · 18.05.2015 · № 103
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112378/st-1" title="1-берене - "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>