Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 20-июну № 46 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 519-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "шаардык" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын; "тиешелүү шаардын" деген сөздөр "тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 11-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Сырткы видеобайкоо жөнүндөЗакон · 18.05.2015 · № 103
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28 "Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл…Постановление · 30.01.2023 · № 106/ХIV-28
Шилтеме берет (1)
- Сырткы видеобайкоо жөнүндөЗакон · 18.05.2015 · № 103