Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 18-майы № 103 Сырткы видеобайкоо жөнүндө (КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 24, 2022-жылдын 20-июнундагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоонун, калктын саламаттыгын жана адептүүлүгүн сактоонун, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык ченемдерине ылайык, ушул Мыйзам аркылуу менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды сырткы видеобайкоо тутуму менен милдеттүү түрдө жабдуу киргизилет.
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун предмети Ушул Мыйзам объекттердин сырткы видеобайкоо тутумун түзүүнүн, өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилейт.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты Ушул Мыйзамдын максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды белгилөө болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймактарында сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдыла турган объекттерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам жергиликтүү кеңештин тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан ачык мүнөздөгү объекттерге сырткы видеобайкоо тутумун орнотуу жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин колдонулат.
(КР 2022-жылдын 20-июнундагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: видеобайкоо - бул укук бузууларды автоматтык түрдө белгилөө жана ушул Мыйзамда каралган учурларда кийин пайдалануу үчүн сактоо максатында көрүнүштөрдү визуалдуу контролдоого же автоматтык түрдө талдоого арналган оптикалык-электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүзөгө ашырылуучу процесс; оператор - видеобайкоону иштетүүнү уюштуруучу жана (же) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, муниципалдык орган, юридикалык же жеке жак; жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адамга окшоштурулган же конкреттүү адамга окшоштурулушу мүмкүн болгон конкреттүү адам жөнүндө материалдык булакта жазылган маалымат, ал ушул адамдын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрүнө мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо аркылуу аны тикелей же кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берет. Жеке маалыматтарга өмүр баяны жана таанылуучу маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлө абалы, каржылык абалы, ден соолугунун абалы жөнүндө жана башка маалыматтар кирет; сырткы видеобайкоо тутуму (мындан ары - СВБТ) - кийин кайра көрүү, угуу мүмкүнчүлүгү менен көрүнүштөрдү жана үндү жазуу үчүн жабдуу; үчүнчү жактар - СВБТ объектинин менчик ээсинен, жетекчисинен, операторунан башка бардык жактар.
5-берене. Кыргыз Республикасынын сырткы видеобайкоо жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын сырткы видеобайкоо жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
6-берене. СВБТнын милдеттери Төмөнкүлөр СВБТнын милдеттери болуп саналат:
1) башка жактардын укукка каршы аракеттеринен коомдук коопсуздукту камсыздоо;
2) укукка каршы аракеттердин бетин ачуу максатында окуяларды жазуу;
3) СВБТнын объекттериндеги кыймыл-аракеттерге мониторинг жүргүзүү;
4) Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча кошумча чараларды түзүү;
5) СВБТ менен жабдылган объекттердин аймагында болуп өткөн чыныгы көрүнүштү видеоархивдерди көрүп чыгуу аркылуу калыбына келтирүү.
7-берене. СВБТ менен жабдыла турган объекттер Жалпы аянты 40 чарчы метрден ашпаган жеңилдетилген типтеги объекттерди кошпогондо, СВБТнын объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ачылган жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор, көчөлөр, саябандар, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөр, темир жол өтмөлөрү, транспорт түйүндөрү, тоннелдер) жана ага жакын жайгашкан аймактар;
2) өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарга, курулуштарга жакын жайгашкан аймак;
3) турак жай, коомдук, администрациялык, көп функциялуу жана өндүрүштүк эмес имараттарга жакын жайгашкан аймак;
4) автоунаалар токтотулуучу жайлар, кооперативдик гараждар.
8-берене. СВБТ менен жабдуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
1. СВБТ менен жабдуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу коомдук тартипти, инсандын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ишке ашырылат.
СВБТга карата техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Коомдук тартипти, инсандын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) СВБТны түзүү, өркүндөтүү жана өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) СВБТны орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашуу;
3) СВБТнын талаптарын жана максаттуу программаларын иштеп чыгуу;
4) СВБТнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;
5) СВБТ менен жабдылган объекттердин реестрин түзүү.
3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.
(КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 24, 2022-жылдын 20-июнундагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. СВБТнын объекттер тарабынан орнотулушу
1. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бекитилген СВБТ менен жабдыла турган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесине ачык мүнөздөгү объекттер кирген учурда алар СВБТ менен жабдылат.
2. Тиешелүү объектиге СВБТ орнотулган учурда менчик ээси (жетекчи) орнотулуп жаткан СВБТнын ракурс жана көрүнүп туруу бурчун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.
СВБТны орнотууну макулдашуунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына жабдуунун техникалык параметрлери боюнча кошумча эрежелерди талап кылууга тыюу салынат.
3. Ишкердикти жүзөгө ашырууга байланышпаган турак жай объекттерин кошпогондо, СВБТнын түзүлүштөрүн сатып алууга жана орнотууга чыгымдар, ушул Мыйзамга ылайык, СВБТ менен жабдыла турган объекттин менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ачык жайларда (аянттар, муниципалдык базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор, көчөлөр, саябандар, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөр, темир жол өтмөлөрү, транспорт түйүндөрү, тоннелдер) СВБТны орнотууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыз кылат.
10-берене. Жеке маалыматтардын купуялыгы
1. Операторлор жана жекече маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү бар адамдар ушундай маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга тийиш.
2. СВБТ менен жабдылган бардык объекттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде атайын эскертүүчү жазуулар болууга тийиш.
Эскертүүчү жазуулар (көрнөктөр, таблолор, такталар жана башка булактар) сутканын күндүзгү жана түнкү мезгилдеринде сөзсүз көрүнүп турушу камсыз кылынган жайларда жайгаштырылат.
11-берене. СВБТнын материалдарына жеткиликтүүлүк
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, негиздер боюнча жана тартипте СВБТ объекттеринин менчик ээлери (жетекчилери) тиешелүү видеожазуунун көчүрмөсүн тергөө, алгачкы текшерүү органдарына же сотко берет.
2. СВБТ үчүнчү жактардын санкцияланбаган жеткиликтүүлүгүнөн корголууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, СВБТнын объекттеринин менчик ээлерине (жетекчилерине), ошондой эле СВБТга жеткиликтүүлүгү бар адамдарга, кызматтык милдеттерден улам, үчүнчү жактарга видеожазууларды берүүгө же видеожазууларда камтылган маалыматты жарыя кылууга, бул маалыматты же видеожазууну жеке кызыкчылык же үчүнчү жактардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга, ошондой эле үчүнчү жактардын ушундай колдонуусуна тикелей же кыйыр түрдө мүмкүнчүлүк берүүгө тыюу салынат.
4. СВБТнын материалдарына жеткиликтүүлүгү бар жак ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде СВБТнын материалдарынан алынган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
5. СВБТда жазылып калган материалдар үч ай бою сакталууга тийиш.
6. СВБТнын видеожазууларын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана ишке ашырылат.
12-берене. Ушул Мыйзамдын аткарылышын контролдоо Ушул Мыйзамдын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык органдары) тарабынан ишке ашырылат.
13-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө:
1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 20 · байланышкандар: 10
Цитата келтиргендер (20)
- 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы N…Концепция · 23.08.2022 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Курулуш Ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин…Норма · 05.06.2024 · № 71-нпа
- Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 4-февралындагы № 254/32-4 "Токмок шаарынын 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жана 2020-жылга социалдык-экономикалык…Постановление · 04.02.2020 · № 254/32-4
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5011-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4844-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 23.04.2015 · № 5011-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748-т (2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын…Распоряжение · 04.12.2023 · № 748-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы № 246-VII "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо…Постановление · 11.05.2022 · № 246-VII
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 2369-VI "Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн…Постановление · 19.04.2018 · № 2369-VI
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 64 "Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө "…Постановление · 27.09.2022 · № 64
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 4325-V "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2014 · № 4325-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 4481-V «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 20.11.2014 · № 4481-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 17-декабрындагы № 4588-V "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 17.12.2014 · № 4588-V
- Акча каражатын кароо жөнүндө токтомуПостановление · 17.04.2026 · № 45
- Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.02.2017 · № 24
- "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 20.06.2022 · № 46
- КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 3-мартындагы № 113-VII "Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.03.2022 · № 113-VII
- Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин…Положение · 10.05.2024 · № 240 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 224 токтомуПостановление · 29.04.2020 · № 224
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 543 ""Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.10.2016 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 142 "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 17.03.2014 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 99-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2022 · № 99-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын сентябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2021 · № 4833
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 178-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2022 · № 178-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы N 236-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 11.05.2022 · № 236-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 12-январындагы № 1244-VI "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 12.01.2017 · № 1244-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1116-VI "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.11.2016 · № 1116-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1195-VI "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.12.2016 · № 1195-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы № 237-VII "2022-жылдын 11-майындагы № 237-VII «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 11.05.2022 · № 237-VII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон