14-берене. Корпорациянын программалык саясаты
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 4-глава
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бүткүл калкынын кызыкчылыктарында анын этностук, маданий ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, өлкөнүн бүткүл аймагында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.
2. Корпорация коомдо орун алган пикирлерди жана көз караштарды чагылдыруучу заманбап жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Корпорациянын Уставына ылайык берүү кызматтарын көрсөтөт.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>