13-берене. Корпорациянын мүлкү жана ишин каржылоо
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 3-глава
1. Корпорацияны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
2. Каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) жарнаманын, гранттык жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн, демөөрчүлүк каражаттардын;
2) обо убактысын, жарнамалык убакытты, аудио- видеопродукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка түрлөрүн сатуудан түшкөн өздүк каражаттардын;
3) автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
3. Корпорациянын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, Корпорацияга ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет жана анын өз алдынча балансында чагылдырылат.
Корпорация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, өзүнүн уставында белгиленген чектерде бул мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>