15-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 4-глава
1. Корпорациянын кызматкерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат.
Кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктар программаларында өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук камтуу жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.
2. Кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете электер, жаратылыш кырсыктарынан жана кыйроолордон жапа чеккен адамдар жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталууга тийиш.
3. Жеке турмуш, шектүүлөргө, айыпкерлерге жана соттолуучуларга карата калыстык принциби урматталат, маалымат булактарынын жана жашыруун ысымдардын купуялыгы сакталат.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>