4-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 19.01.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 января 2026 года № 3
1. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) блокчейн - бардык маалыматтар ырааты менен жазылган жана блокторго бөлүштүрүлгөн, мында ар бир жаңы блок мурдагы блок менен криптографиялык колтамга аркылуу байланышкан, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын түрү;
2) виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын же ошого окшош технологияны пайдалануу менен түзүлүүчү, сакталуучу жана жүгүртүлүүчү жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбаган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы;
3) виртуалдык актив капчыгы - виртуалдык активди сактоо жана которуу үчүн каралган каражат (программалык тиркеме же башка механизм/алып жүрүүчү);
4) майнер - майнингди жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жак же жеке ишкер;
5) майнинг - пайдалануучулар ортосунда ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүштүрүлгөн реестрге (алдын ала аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакция блокторунун (блокчейндин) реестринин ишин камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттар аркылуу жүзөгө ашыруу боюнча, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну талап кылган иш. Майнинг аны жүзөгө ашыруучу жактын ээлигине бөлүштүрүлгөн реестрде операцияларды жүргүзүүнү тастыктоо үчүн сый акы катары келип түшүүчү виртуалдык активди түзүү менен коштолушу мүмкүн;
6) майнинг жабдуусу - майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттар;
7) майнинг-пул - майнерлердин майнинг кубаттуулугун консолидациялоого жана майнинг боюнча иштерди уюштурууга арналган электрондук платформа;
8) өнөр жайлык майнинг - юридикалык жак жүргүзгөн майнинг боюнча иш;
9) виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) - виртуалдык активдер жагындагы бүтүмдөрдү түзүүгө түздөн-түз көмөктөшүүчү электрондук аянтчаны жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
10) виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору - өз атынан виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) жана (же) виртуалдык активдерди өз ара алмаштыруу кызматын көрсөткөн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
11) виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштыруу - каражаттарды тартуу максатында жаңыдан чыгарылган виртуалдык активдерди таратуу же бөлүштүрүү процесси;
12) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган берген лицензиянын негизинде виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрлөрүн ишкердик иш катары берген, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;
13) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) көмүскө майнинг - үчүнчү жактардын эсептөө кубаттуулуктарында алар билбестен же алардын макулдугу жок атайын программалык камсыз кылууну пайдалануу менен майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш;
16) стейблкоин (stablecoin) - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же чет өлкөлүк валютада туюндурулган акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата туруктуу наркты кармап туруу үчүн арналган камсыздалган виртуалдык активдин түрү. Стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгаруу), камсыз кылуу, акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата катышы, стейблкоиндерди жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;
17) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы - криптография каражаттарын колдонуу менен шифр коюлган маалыматтарды бөлүштүрүп сактоого багытталган технология;
18) санарип токен - мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объектилерине талап укугун тастыктоо каражаты болуп саналган виртуалдык активдин түрү;
19) жеке майнинг - жеке ишкер жүзөгө ашырып жаткан майнинг боюнча иш;
20) виртуалдык активдер эмитенти - виртуалдык активдерди чыгаруучу жеке жана юридикалык жак;
21) реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token) - эмиссиясы (чыгаруу) реалдуу активге карата мүлктүк укук менен камсыздалган виртуалдык актив же мындай активге байланыштуу документ түрүндө тастыкталган милдеттенменин санариптик формасын билдирет. Реалдуу активдердин тизмеги, RWA Token эмиссиясы (чыгаруу), камсыздоо, жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет;
22) мамлекеттик майнинг - мамлекеттин толук же үлүштүк катышуусу формасында (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик компаниянын атынан) же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик ишкананы түзүү аркылуу мамлекеттин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу майнинг боюнча иш. Мамлекеттик майнинг мамлекеттик криптовалюталык резервди түзүү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн виртуалдык активдерди өндүрүү максатында энергетикалык, инфратүзүмдүк жана технологиялык ресурстарды пайдаланууну караштырышы мүмкүн;
23) мамлекеттик криптовалюта резерви - майнинг, чыгаруу, токенизациялоо жана сатып алуу жолу менен түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде турган виртуалдык активдердин жыйындысы. Мамлекеттик криптовалюта резерви финансылык туруктуулукту чыңдоо, улуттук санариптик демилгелерди колдоо жана виртуалдык активдер рыногунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. Криптовалюта резервин түзүү, сактоо, башкаруу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2025-жылдын 31-июлундагы №180, 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 19.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"Редакцияларды салыштыруу
19.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануу менен майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш;
16) стейблкоин кошулду: (stablecoin) - алынып салынды: максаты белгиленген бир активге кошулду: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же алынып салынды: белгилүү бир катыштарда активдердин жыйындысына кошулду: чет өлкөлүк валютада туюндурулган акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата туруктуу наркты алынып салынды: колдоо болуп саналган кошулду: кармап туруу үчүн арналган камсыздалган виртуалдык активдин алынып салынды: түрү;
кошулду: түрү. Стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгаруу), камсыз кылуу, акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата катышы, стейблкоиндерди жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;
17) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы - криптография каражаттарын … эмитенти - виртуалдык активдерди чыгаруучу жеке жана юридикалык алынып салынды: жак.
кошулду: жак;
21) реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token) - эмиссиясы (чыгаруу) реалдуу активге карата мүлктүк укук менен камсыздалган виртуалдык актив же мындай активге байланыштуу документ түрүндө тастыкталган милдеттенменин санариптик формасын билдирет. Реалдуу активдердин тизмеги, RWA Token эмиссиясы (чыгаруу), камсыздоо, жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет;
22) мамлекеттик майнинг - мамлекеттин толук же үлүштүк катышуусу формасында (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик компаниянын атынан) же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик ишкананы түзүү аркылуу мамлекеттин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу майнинг боюнча иш. Мамлекеттик майнинг мамлекеттик криптовалюталык резервди түзүү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн виртуалдык активдерди өндүрүү максатында энергетикалык, инфратүзүмдүк жана технологиялык ресурстарды пайдаланууну караштырышы мүмкүн;
23) мамлекеттик криптовалюта резерви - майнинг, чыгаруу, токенизациялоо жана сатып алуу жолу менен түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде турган виртуалдык активдердин жыйындысы. Мамлекеттик криптовалюта резерви финансылык туруктуулукту чыңдоо, улуттук санариптик демилгелерди колдоо жана виртуалдык активдер рыногунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. Криптовалюта резервин түзүү, сактоо, башкаруу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган … жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2025-жылдын 31-июлундагы алынып салынды: №180 кошулду: №180, 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 180
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112346/st-4" title="4-берене - Виртуалдык активдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>