5-берене. Виртуалдык активдердин укуктук статусу
Күчүндө · 19.01.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 января 2026 года № 3
1. Виртуалдык актив жарандык укуктун өз алдынча объекти, ошондой эле мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объекттерине талап укуктарын тастыктоо каражаты болушу мүмкүн.
2. Виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты, валюта жана (же) баалуу кагаз болуп саналбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да камсыздалган виртуалдык активдердин гана эмиссиясына (чыгарууга) жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"Редакцияларды салыштыруу
19.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөм каражаты, валюта жана (же) баалуу кагаз болуп саналбайт.
3. алынып салынды: Виртуалдык активдер камсыздалган жана камсыздалбаган болушу мүмкүн:
1) камсыздалган виртуалдык активдерге мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде кошулду: Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да камсыздалган виртуалдык активдердин алынып салынды: эмитенти тарабынан сунушталган жарандык укуктардын башка объектилерине талап укугун тастыктоо каражаты болуп саналган санарип токендер, ошондой эле жарандык укуктардын башка объектилери менен камсыздалган башка виртуалдык активдер кирет.
Камсыздалган виртуалдык активдердин түрлөрү, ошондой эле мындай виртуалдык активдер менен тастыкталуучу укуктардын тизмеги виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан белгиленет.
Виртуалдык активди камсыз кылуу күрөөлүк камсыздоо жана (же) күрөө боюнча милдеттенме болуп саналбайт;
2) камсыздалбаган виртуалдык активдерге аларга карата ушундай виртуалдык активдердин ар бир ээсинин алдында милдеттенмелерди көтөрө турган жагы (жактары) жок болгон виртуалдык активдер кирет.
Камсыздалбаган виртуалдык активдер укуктарды тастыктабайт, кандайдыр бир укуктар жана милдеттенмелер, ошондой эле жарандык укуктардын башка объекттери менен камсыздалган эмес.кошулду: гана эмиссиясына (чыгарууга) жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112346/st-5" title="5-берене - Виртуалдык активдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>