79-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырууну камсыз кылышат;
2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;
4) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырышат;
5) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/насыяларды берүүнү/тартууну жүзөгө ашырышат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштаманы жана бюджет аралык трансферттерди алуунун зарылдыгы жөнүндө негиздемени даярдашат, алардын пайдаланылышы боюнча отчеттуулукту, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана башка маалыматты беришет;
7) бул каражаттарды алуучулар боюнча бюджеттер аралык трансферттердин максаттуу пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыз кылышат;
8) жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;
9) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.";
29) 80-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.";
30) IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-глава менен толукталсын:
"17-1-глава. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-79" title="79-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>