81-1-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
1. Мамлекеттик болжолдоо процесси Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу багыттарын иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторингдөө, баалоо, түзөтүү боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат.
3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу ички жана тышкы экономикалык, социалдык жана башка факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алуучу ар түрдүү варианттарда иштелип чыгат.
4. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун берүү, кароо жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык регламенттелет.";
31) 82-беренеде:
а) 4-бөлүктө "кийинки үч жылга" деген сөздөр "кийинки беш жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды кошуп алганда, негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга бюджеттин чыгымдарын;";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилет. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Министрлер Кабинетинин Кеңеши кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 15-июнунан кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча кайчы пикирлерди кароону уюштурат.";
г) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 8-бөлүк "Өкмөттүн токтому" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 9-бөлүктө "пландаштыруу" деген сөз "болжолдоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 83-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрлер Кабинетинин Кеңеши Фискалдык саясаттын негизги багыттарын орто мөөнөттүү мезгилге түзүү боюнча республиканын сот тутумун кошуп алганда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоосу пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырат жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурда ишке ашыруу маселелерин карайт. Министрлер Кабинетинин Кеңешинин курамына Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомчулуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет. Министрлер Кабинетинин Кеңеши өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин чакырууга укуктуу. Министрлер Кабинетинин Кеңешинде бюджеттин долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алышат.";
б) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 84-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
34) 89-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге түзүлөт.
2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге карата республикалык бюджеттин долбоору болжолдуу беш жылга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тескөөчү обочолонгон бюджеттер киргизилиши мүмкүн.";
35) 90-беренеде:
а) 1-бөлүктө "болжолдонуучу эки мезгилге" деген сөздөр "пландуу мезгилге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
36) 91-берененин 2 жана 4-бөлүктөрүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
37) 94-беренеде "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
38) 95-берененин 1-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 96-беренеде:
а) 1-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетини Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 97-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
41) 98-беренеде "кийинки болжолдонгон" деген сөздөр "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
42) 99-берененин 1-бөлүгүндө "кийинки болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
43) 102-берененин 3-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
44) 104-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүндө "жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине" деген сөздөр "жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 105-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп
1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсебин билдирет, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат. Улуттук банк Бирдиктүү казыналык эсепти тейлөө боюнча банктык операцияларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумунун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгат жана Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, камсыздандыруу жыйымдарын төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге төмөнкү учурларда уруксат берүүгө укуктуу:
1) бюджеттик мекеме тарабынан грант берүүчүнүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсеби болгон шарттарда чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдарды алганда;
2) бюджеттик мекеме эл аралык каржы институттары же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына катышканда;
3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор (аккредитив жана башкалар) алдында келишимдик мамилелерди аткаруунун алкагында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын андан ары которуу максатында убактылуу жайгаштырганда;
4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоодо жана башкарууда.
7. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептерде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операцияларды эсепке алуу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат.
8. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, администрленүүчү, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер;
2) администрленүүчү эсептер - бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан администрленүүчү Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер;
3) атайын эсептер -төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер:
а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү;
б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөрдү;
в) көзөмөлчүлүк төлөмдөрдү;
г) кайрымдуулук же гранттык жардамдарды;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдү;
е) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттарды;
ж) бюджеттик насыяларды жоюунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөрдү;
з) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды;
4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана белгилүү бир шарттар келип чыккан учурда, аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же багыты боюнча которууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу кардардын эсептери.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.";
46) 106-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошол датага карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра саналат. Акчалай беренелер боюнча кайра саноодо пайда болгон курстук айырма киреше же чыгаша деп таанылат.";
б) 4-бөлүгүндө "органдары аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгүндө "милдеттүү жана" деген сөздөр алып салынсын;
47) 107-берененин 3-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
48) 109-беренеде:
а) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде аларды кайра бөлүштүрүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү мамлекеттик инвестициялардын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
7. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик инвестициялардын алкагында бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү менен макулдашуу боюнча чыгашаларынын функционалдык жана ведомстволук классификациясынын беренелеринин ортосунда тийиштүү жылдын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.";
49) 110-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча бюджеттин тартыштыгын жабуу (каржылоо) булагы болуп саналбайт.";
50) 112-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан ашпашы керек.";
51) 115-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "106" деген цифралар "107" деген цифраларга алмаштырылсын;
52) 116-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана бекитүү
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.
2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко кыскача макроэкономикалык обзор жана төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
1) республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу жөнүндө: кирешелер, чыгашалар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, тартыштык;
2) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;
3) бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;
4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;
5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;
6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
5. Министрлер Кабинети өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, ал боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-сентябрына чейин аны маалымат үчүн Жогорку Кеңешке жиберет.
6. Жогорку Кеңештин комитеттери өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бул маселе боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карайт жана ал боюнча корутундуну бир жумалык мөөнөттө тармактык комитетке берет.
7. Тармактык комитет республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен корутундуну, ар жылдык аудиттин натыйжалары менен бирге Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде корутунду берет.
8. Жогорку Кеңеш тарабынан ушул маселени кароодо төмөнкүлөр угулат:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
2) Эсептөө палатасынын төрагасы;
3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы.
9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алуу тууралуу чечимди, анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен кабыл алат.
10. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп таанылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.
11. Жогорку Кеңеш отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана ал боюнча чечим кабыл алат.";
53) 118-беренеде:
а) 4-бөлүктө "аткарылышы жөнүндө мыйзам долбоорун" деген сөздөр "аткарылышы жөнүндө отчету" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун отчеттук мезгилдеги бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карап чыгат жана аны кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.";
54) 23-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму жана мамлекеттик аудит
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-81-1" title="81-1-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>