78-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 16-глава
Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат;
2) жергиликтүү бюджеттин негизги жана артыкчылыктуу багыттарын аныкташат;
3) муниципалдык карыздын чектик көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда, жергиликтүү бюджетти бекитишет;
4) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угушат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет;
5) ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алышат;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;
7) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
78-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-78" title="78-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>