Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
413-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 56-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Айрым салыктар патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.
Патент электрондук форматта таризделет (электрондук патент).
2. Патент төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт:
1) салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу укугун;
2) патентте көрсөтүлгөн иштин түрү боюнча салыктарды төлөөнү;
3) патент жарактуу болгон салык мезгилинде киреше алууну.
3. Патент салык төлөөчү тарабынан салык органында же салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө ишкердик жана/же жеке эмгек ишин жүргүзгөн жери боюнча сатып алынат. Соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекти үчүн соода ордунун жана/же объектинин болушу кошумча шарт болуп саналат.
4. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй төлөнүшү мүмкүн:
1) банк мекемесинде, анын ичинде интернетти же мобилдик банкингди кошуп алганда алыстан же аралыктан банктык тейлөөнүн тутуму аркылуу;
2) төлөм терминалы же POS-терминалы, электрондук акча аркылуу.
5. Банктын, төлөм терминалынын, POS-терминалынын квитанциясы же ыйгарым укуктуу салык органына патенттин негизинде салыктын суммасын төлөө жөнүндө перифериялык түзүлүштөр аркылуу жиберилген маалымат салык төлөөчүгө патентти берүү үчүн же мурда берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.
6. Ишти патентсиз жүргүзүү ишти каттоосуз жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат.
7. Патент ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу иштин айрым түрлөрү боюнча патентти кошпогондо, патентте көрсөтүлгөн аймакта (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу болот. Ишкердик же жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
8. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга патент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата лицензияларды жана башка атайын уруксат берүүчү документтерди алмаштыра албайт.
10. Салык төлөөчүнүн патенттин негизиндеги жүзөгө ашырган иши патенттин колдонуу мезгилинде утурлама текшерүүдөн башка, көчмө салыктык текшерүүгө жатпайт. Салыктык контролдун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Патенттин формасы жана аны берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-413" title="413-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>