Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
351-берене. Салык салуу объекти
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 44-глава
1. Төмөнкү максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекти болуп саналат:
1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу);
2) пайдалуу кендерди чалгындоо;
3) пайдалуу кендерди издөө;
4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жыйноо;
5) декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары катары пайдалануу.
2. Төмөнкүлөр да бонус салыгын салуунун объекттери болуп саналат:
1) күрөөнү өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугунун башка жакка өтүшү;
2) уставдык капиталдын катышуучуларынын (акционерлеринин) курамын жана/же үлүштөрүн (акцияларын) өзү менен кошо өзгөрүүгө алып келбеген юридикалык жактын мураскер болуусунун, аны кайра уюштуруунун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жер казынасын пайдалануу укугун башка жакка өткөрүп берүү;
3) фонддук биржаларда листингден өткөн юридикалык жактарды жана жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укуктун жолун жолдоочулуктун натыйжасында менчик үлүштөрүнүн өтүүсүн кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактын уставдык капиталында менчик үлүштөрүнүн (акцияларынын) өзгөрүшү;
4) кошумча чалгындоо жүргүзүүнүн, запастарын кайра эсептөөнүн же башка себептердин натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун берген учурда пайдалуу кен чыккан жерлердин болгон запастарынын санынын андан ары көбөйүшү;
5) жер казынасын пайдалануучуга берилген жер казынасынын участогунун өлчөмүнүн көбөйүшү;
6) жер казынасын пайдалануу укугуна алгач ээ болгон учурда билдирилбеген жаңы пайдалуу кендерди пайдалануу укугунун берилиши.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрүнө жайылтылат.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2009 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2014 · № 625 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин…Постановление · 20.12.2013 · № 692 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-351" title="351-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>