Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
349-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн бошотуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 43-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, өзүнө таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу;
2) өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочулук, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн жер казынасынын участогун алган субъект;
3) тоо кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;
4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоо боюнча, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект;
5) жер алдындагы сууларды алуу боюнча адистештирилген уюм;
6) калктуу конуштарды суу менен камсыз кылуу бөлүгүндө жер алдындагы сууларды алуу боюнча уюм.
2. Бонус төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) ушул Кодекстин 351-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салуу объекти боюнча фонддук биржаларда листингден өткөн салык төлөөчү;
2) жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда аларды алуу (жер алдынан чыгаруу) боюнча айыл чарба өндүрүүчүсү.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2009 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябры № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги…Постановление · 06.09.2013 · № 480 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2013 · № 613 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2014 · № 625 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин…Постановление · 20.12.2013 · № 692 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин…Постановление · 12.12.2014 · № 703 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги…Постановление · 03.03.2009 · № 146 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 19.03.2009 · № 180 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-349" title="349-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>