Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
320-берене. Товарларды импорттоодо салык отчетун берүү жана КНС төлөө
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды импорттоодо салык төлөөчү учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына товарды импорттоо жүзөгө ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчү салык отчетун ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөр менен бирге эле Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык салык органына документтерди берет.
2. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча товарды импорттоо ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнөт.
Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна ылайык төлөнүүгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына шайкеш келиши керек.
3. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын жана салык отчетунун формасы жана толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
4. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөө фактысынын салык органы тарабынан ырасталышы товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен же Министрлер Кабинети тарабынан каралган башка тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, салык кызматынын органы импортко КНС төлөө фактысын ырастоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан ташылып келүүчү товарлардан импортко КНС төлөө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ЕАЭБ бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
7. Эгерде мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНС бошотуу каралгандан башка максаттарда пайдаланылган учурда, мындай товарлардын импортуна КНС ушул беренеде белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө арыздын жана салык отчетунун формасы жана толтуруу тартиби алынып салынды: Министрлер Кабинети кошулду: ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
4. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан … импортуна КНС ушул беренеде белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 11-февралындагы № 1 "Товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызды жана…Приказ · 11.02.2022 · № 1
- Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 22.02.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз…Постановление · 29.05.2023 · № 280
- КР Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 20-майындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын…Приказ · 20.05.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №280 токтомуПостановление · 29.05.2023 · № 280
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-320" title="320-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>