Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
308-берене. Берүүлөрдүн салык салынуучу наркы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 39-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, берүүнүн салык салынуучу наркы болуп ушундай берүүлөргө карата КНС жана сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасын эсепке албастан, төлөнүүчү же төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.
2. Иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүлөрүнө карата берүүлөрдүн салык салынуучу наркы болуп КНСти эсепке албастан, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салыкты эске алуу менен төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.
3. Акы төлөө натуралай түрдө жүргүзүлгөн учурларда, берүүнүн салык салынуучу наркы деп КНС жана сатуудан алынуучу салык кемитилгенден кийинки товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы саналат.
4. Товарларды кайтарымсыз негизде берүүлөрдө товарлардын эсептик наркы берүүнүн салык салынуучу наркы болуп саналат.
5. Мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү кошпогондо, салык салынуучу нарк эсептик нарктан төмөн болушу мүмкүн эмес.
6. Берүүнүн салык салынуучу наркы төмөнкүлөрдү да камтыйт:
1) КНС жана сатуулардан салыкты кошпогондо берүү үчүн же берүү менен байланыштуу төлөнүүчү салыктардын суммасын;
2) салык төлөөчүнүн айрым керектөөчүлөргө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда мамлекеттик жөнгө салынуучу бааларды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди колдонушуна байланыштуу бюджет тарабынан берилген субсидиялардын суммасын.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү мамлекеттик алымдар берүүнүн салык салынуучу наркына киргизилбейт.
8. Ушул бөлүмдө эсептик нарк деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) товардык-материалдык запастар боюнча - сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен чыгымдар;
2) негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер боюнча - сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган чыгымдар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүүлөрүнө карата берүүлөрдүн салык салынуучу наркы болуп алынып салынды: КНС кошулду: КНСти эсепке алынып салынды: албастан кошулду: албастан, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салыкты эске алуу менен төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.
3. Акы төлөө … ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган чыгымдар.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-308" title="308-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>